Понедельник, 20 мая

Пакистанда жарылуу болуп, 4 киши каза болду

0

Пакистандын Белужистан провинциясынын Кетта шаарындагы мейманкананын унаа токтоочу жайында болгон жарылуудан төрт адам, анын ичинде полиция кызматкери каза болуп, 12 адам жаракат алды.

Полиция кызматкерлери алдын-ала иликтөөлөргө ылайык, жарылуунун булагы бомба жүктөлгөн унаа болгон деп билдиришти.

Бийлик бул окуя боюнча тергөө иштери уланып жаткандыгын белгиледи.

Жарылуудан улам унаа токтотуучу жайдагы унаалар жабыркаса, мейманканага дагы зыян келтирилген.

Ал арада Пакистандын ички иштер министри Шейх Рашид Ахмед Кытайдын Исламабаддагы элчиси Нонг Ронг жана кытай дипломаттары мейманканада турушканын, бирок жарылуу учурунда мейманканада болбогонун билдирди.

Ахмед кол салууну айыптап, Пакистандын душмандары тынчтык жана гүлдөп жаткан Пакистанды көргүсү келбейт деп билдирди.

Белужистан провинциясынын басма сөз катчысы Лиякат Шехвани бул террордук акт деп билдирип, «Бүгүн болгон кол салуунун артында Пакистандын душмандары турат»,- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз