Кыргызстанда 23-апрелге карата 14 861 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын 276сына вакцинанын экинчи дозасы сайылды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.
Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы менен башталган.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717си айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду.
Кыргыз өкмөтү 22-апрелде Орусиядан да «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясында 20 миң доза алып келди. Австриянын «AstraZeneca» вакцинасы да келери маалымдалган.