Пандемияда иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу түз эфирде маалымдады.
Ал медиктердин компенсация талап кылып митингге чыгышын өкмөт туура кабыл алганын айтты.
«Урматтуу медицина кызматкерлери, сиздер адам өмүрү менен алышып жүрүп, өзүңүздөр дагы ооруп калып жатасыздар. Ошондуктан бардык документтерди чогултуп, кайрадан комиссияга тапшырыңыздар. Бул маселе чечилет. Былтыр кандай абалда калганыбызды билебиз. Эң биринчи Кудайдын, андан кийин дарыгерлердин көзүн караганбыз. Азыр компенсация албай калган медиктердин маселесин чечүү боюнча бизге президент тапшырма берди. Жакынкы күндөрү бюджеттен 200 миллион сом бөлүү боюнча чечимди даярдап жатабыз», — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле Марипов кыргызстандыктарга өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кескин начарлап жатканын эскертип, санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
Эске сала кетсек, 16-апрель күнү ондогон медицина кызматкери Ак үйдүн жана Өкмөтүйүнүн алдында митинг өткөрүшкөн. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылган. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артём Новиков кабыл алган болчу.