Пятница, 22 ноября

Түркияда 29-апрелден 17-майга чейин локдаун жарыяланды

0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавирустан улам 29-апрелден 17-майга чейин локдаун жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Түркияда 16-апрелдеги статистика коронавирус жуккандардын саны пандемиядан тарта абдан көп санга жетип, 63 082 адам болгондугун көрсөткөн. Ал эми 21-апрелде бир күндө 362 адам көз жумган. Ири мамлекеттердин бири Россия эпидемиологиялык абалдан улам Түркия менен аба байланыштарын 15-апрелден 1-июнга чейин токтоткон.

«Рамазан айынан соң кадыресе жашоого кайтып келиш үчүн коронавирустун жаңы жуккан учурларын суткасына беш миңге түшүрүшүбүз керек. Болбосо, туристтик ишмердүүлүккө кайтып келе албайбыз. 29-апрелде саат 19:00дөн баштап 17-май, таңкы 5:00гө чейин толук локдаун киргизилет», — деген Эрдоган өкмөт жыйынынан кийинки телекайрылуусунда.

Анын айтымына караганда, шаар арасында поезддер уруксат берилгенде гана жүрөт, чектөө мейманканаларга да тиешелүү.

«Бардык мекемелер жабылат. Абдан зарыл кызматтар менен токтогонго болбой турган өндүрүш гана иштейт», — деген Эрдоган.

Марттын аягында Эрдоган Түркиянын провинцияларында, андан сырткары Стамбул, Анкара, Анталья, Мугла шаарларында оору жуккандардын саны өсүп кеткендиктен эс алуу күндөрү коменданттык саат киргизилерин айткан. Ал жума күнү 21.00дөн дүйшөмбү күнү таңкы 5.00гө чейин деп белгиленген. Мындан сырткары, орозо айында 13-апрелден 12-майга чейин ресторандар менен кафелер тамакты жеткирип берүү же ал жерден эмес, алып кетип тамактануу тартиби менен иштей турган чечим кабыл алынган. Эрдоган кийинчерээк чектөө чараларын катаалдатуу, тагыраагы, шаар аралык байланыштарды азайтуу жана коменданттык сааттын мөөнөтүн узартып, 19.00дөн 5.00гө чейин болорун айткан эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз