Сутка ичинде коронавирус дагы 247 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте – 146, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 79, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 203 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 119, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 62, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 18 адам сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 469 бейтап, амбулатордук түрдө 1 817 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1049 бейтаптын абалы орто оордукта, 342 адамдын абалы оор жана 65 бейтап өтө оор абалда жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 277 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 415 киши айыгып чыкса, 1 миң 589 адам каза болду.