Воскресенье, 19 мая

Электр энергиясын пайдаланууга коюлган чектөө кайра алып салынмай болду

0

Электр энергиясын пайдаланууга коюлган чектөө кайра алып салынмай болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин сунушталган тарифте Жапаров колунда бар үй-бүлөлөр 1 сом 48 тыйындан, ал эми кышкы мезгилде 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан эсептелээрин маалымдаган. Ал эми бул жолку маегинде 1000 киловаттык чектөөнү алып саларын айтууда.

«Электр энергиясын байлар жагат да, кыштын күнү хан сарайы барлар үйүн жылытуу үчүн көп колдонот, ошол категорияга кыштын күнү 1000 киловаттан ашса 2 сом 29 тыйындан кылып көтөрүп койсок болот деген сунуш түшкөн. Азыр чектөө деген сөздү унуткула да, бирдей тарифти койгула деп жатабыз», — деди Жапаров.

Муну менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйындан, бийик тоолуу аймактын жашоочуларына электр кубатын 1 сом 04 тыйындан, ал эми жашоо шарты жакшыларга 1 сом 48 тыйындан (чектөөсү жок) сунушталууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз