Сутка ичинде коронавирус дагы 322 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 227, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 59, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 15, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 243 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 150, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 64, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 7 адам сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда бир бейтап каза болду. Акыркы сутка ичинде 5 213 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 419 бейтап, амбулатордук түрдө 1 939 адам дарыланууда. Алардын ичинен 998 бейтаптын абалы орто оордукта, 338 адамдын абалы оор жана 68 бейтап өтө оор абалда жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 599 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 658 киши айыгып чыкса, 1 миң 592 адам каза болду.