Суббота, 23 ноября

Кайсы бейтапканалардан коронавируска каршы эмдөө алууга болот?

0

Кыргызстанда бардыгы болуп коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүчү 76 пункт ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ал эми бишкектиктер менен Чүй облусунун тургундары вакцина алуу үчүн 10 пунктка кайрыла алат. Алар:

№1 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№2 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№3 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№4 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№5 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№6 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№7 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№8 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№9 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№14 үй-бүлөлүк медицина борбору;

Белгилей кете турган жагдай, Орусиянын «Спутник V» вакцинасы №2, 6 жана 7чи гана үй-бүлөлүк медицина борборунда сайылып жатат. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, аны 65 жаштан өткөндөр жана өнөкөт оорусу барлар ала алат.

Мындан тышкары, эмдөөгө Кытайдын Sinopharm вакцинасы колдонулууда.

Министрликтен билдиришкендей, вакцина алуу үчүн сөзсүз аталган медициналык мекемелердин биринде каттоодо туруунун зарылдыгы жок. Ошондой эле Чүйдүн тургундары борбор калаадагы эмдөө борборлоруна кайрылууга укуктуу. Болгону паспортту алып барышы керек. Анткени жаранды эмделгендердин бирдиктүү реестрине каттоого алуу үчүн анын документи талап кылынат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз