Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл жүргүзүү бекеттери жүк ташуучу унаалар үчүн 1-майдан 4-майга чейин жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул күндөрү Кытайда «Эмгек күнү» майрамы белгиленет.
Аталган чек ара пунктулары 5-майда ишин жандантат.