Четверг, 9 мая

Нурсултан Назарбаев Казакстан Элдик Ассамблеясынын төрагалыгынан кетти

0

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн ички саясатында маанилүү орунду ээлеген Казакстан Элдик Ассамблеясынын төрагалыгын президент Касым Жомарт Токаевге өткөрүп бергенин жарыялады.

Назарбаев борбор шаар Нур Султанда Ковид  — 19га байланыштуу видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн Казакстан Элдик Ассамблеясынын 29 —  Жалпы Кеңешинде сөз сүйлөдү.

Назарбаев «30 жылдан бери биримдик, тынчтык жана шайкештик» деген темада өткөрүлгөн жыйында 2019 – жылы 19 —  мартта президенттик кызматынан кеткендигин жарыялаганын эске салып, өлкөнүн ички саясатында маанилүү орунга ээ Казакстан Элдик Ассамблеясынын өмүр бою  төрагалык кызматынан бүгүндөн тарта кеткендигин жарыялады.

Назарбаев мамлекеттин бардык маселелери бир колдо болушу керектигин белгилеп, милдетти учурдагы президент Касым Жомарт Токаевге тапшырууну чечимин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз