Понедельник, 20 мая

Pfizer менен AstraZeneca коронавирустун үй — бүлө ичинде жугуу коркунучун азайтууда

0

Британияда окумуштуулар Американын фармацевтика  фирмасы Pfizer менен Британия  —  Швеция фармацевтика фирмасы AstraZeneca тарабынан Ковид —  19га каршы чыгарылган вакцинанын бир  дозасы гана берилген кишилерде вирусту башка үй  — бүлө мүчөлөрүнө жуктуруу мүмкүнчүлүгүн 50 пайызга азайткандыгын ортого салды.

Британиядагы Элдин саламаттыгын сактоо мекемеси жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде эмдөөдөн өткөн бир кишинин  3 жумадан кийин эмдөөдөн өтпөгөн  кишилерге караганда вирусту жуктуруу ыктымалынын 38  — 49 пайызга аз экендиги белгиленди.

Иликтөөнүн негизинде 24 000 үйдөн эмдөөдөн өткөн 57 000 киши изилдөөгө алынды. Иликтөөгө катышкан кишилер эмдөөдөн өтпөгөн 1 миллион киши менен салыштырылды.

Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок берген маалыматында иликтөөнүн вакцинанын вирустун жугушуна тоскоол болгондугун көрсөткөн эң кеңири маалыматтарды бергендигин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз