Пятница, 22 ноября

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан төрт адам жаракат алды

0

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан төрт адам жаракат алды. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ок тийген бир кыргызстандык оор абалда Лейлек районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жатат. Экинчи жаран башынан жаракат алып, мээси чайкалган, үчүнчүсүнун сол колу сынган. Булар учурда Самаркандектеги жалпы дарыгерлер практикалык борборунда дарыланууда. Ал эми төртүнчү киши медициналык көзөмөлдөн кийин үйүнө чыгарылган.

Учурда жаңжал чыккан жерде үч тез жардам бригадасы нөөмөттө турат.

Эгер жогорку квалифиакациялуу медициналык жардамга муктаждык жаралса Ош шаарынан адистер жөнөнтүлөрү белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз