Понедельник, 25 ноября

Көк-Таш айылынан аялдар менен балдарды Баткен шаарына алып келишүүдө

0

Баткен районунун Көк-Таш айылынан аялдар менен балдарды  микроавтобус менен Баткен шаарына алып келишүүдө. Бул тууралуу «Азаттык» Үналгысы маалымат кызматы жазып чыкты.

Маалыматта Көк-Таш айылынын тургундары Баткендеги мектептердин биринин имаратына жайгаштырылгандыгы. Жаңжал чыгып, ок атышуу уланып жаткан айылдагы жайкын тургундарды алып келүү опурталдуу болуп жаткандыгы айтылат.

Эске сала кетсек, Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы бүгүн эртең менен 5:45 чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюндагы Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытыла баштаганын кабарлаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз