Пятница, 22 ноября

Баткен районунун Төрт-Көчө участогу кайра жабылганы кабарланды

0

Баткен районунун Төрт-Көчө участогу кайра жабылганы кабарланууда. Бул тууралуу  “Азаттык” Үналгысы маалымат кызматы жазып чыкты. Маалыматка караганда, тажик тарап жолго шагыл төктү.

Лейлектин Арка деп аталган жеринде ок атылганы тууралуу да айтылууда.

Облус бийлигинин басма сөз кызматы бул тууралуу азырынча маалыматы жок экенин билдирди.

Тажик тарап да расмий маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен-Исфана автожолу өтөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 1-майда саат 9.00гө карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу экенин билдирген.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 31 адам каза болду, 154 адам жараат алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз