Воскресенье, 19 мая

Өлкөдө чек арадагы кырдаал боюнча маалымат берип туруучу медиа-штаб түзүлдү

0

Бишкек шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалыматтарды координациялаган, КР президентинин аппараты тарабынан башкарылган, 24 саат бою иштеген медиа-штаб иштеп баштады.

Медиа-штабдын негизги максаты — ЖМКларды, коомчулукту жана дүйнөлүк коомчулукту такталган, бирдиктүү, ыкчам маалымат менен камсыздоо.

Керектүү маалыматтарды алуу үчүн күнү — түнү иш алып барган, мамлекеттик жооптуу органдардын өкүлдөрү тартылган медиа-штабга кайрылсаңыздар болот.

Медиа-штабдын базасында журналисттердин, эксперттердин жана блогерлердин иши үчүн шарттар түзүлгөн.

Медиа штабта мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусундагы маалымат жыйындары өткөрүлүп турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз