Суббота, 21 сентября

Сутка ичинде коронавирус 477 адамдан табылды

0

Сутка ичинде коронавирус дагы 477 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 255, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 155, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 28, Нарын облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 14 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 270 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 178, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 61, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 497 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 191 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1057 бейтаптын абалы орто оордукта, 362 адамдын абалы оор жана 72 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 95 миң 752 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 461 киши айыгып чыкса, 1 миң 612 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз