Суббота, 11 мая

Чек арадагы чыккан жаңжалдын чыгымдары эсептеле баштады

0

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин комиссиясы Баткен жана Лейлек райондорунда чек арадагы жаңжалдын чыгымдарын эсептей баштады. Мекеменин маалымат кызматы окуя болгон аймактардан болгон материалдар чогултуларын, ошонун негизинде жабыркагандарга, үй-жайынан ажырыгандарга жардам берилерин билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, комиссияны министрдин орун басары У.Калманбетов жетектейт. Жеринде аэросүрөт жана видео тартуулардын жардамы менен маалыматтар жыйналат, анткени социалдык объектилерге жана турак үйлөргө келтирилген зыянды аныктоо, аларды калыбына келтирүү үчүн алдын ала сметалык долбоордук документ даярдоо боюнча тапшырма берилген.

Жабыркаган объектилердин так саны аныкталып, бириктирилген сметасы түзүлгөндөн кийин аларды калыбына келтирүү иштери башталат.

Белгилүү болгондой, Баткен облусундагы жаңжалдын жүрүшүндө бир катар социалдык объектилер жана жеке турак үйлөр, анын ичинде мектеп, дүкөн, май куюучу жайлар жана башкалар жабыркаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз