Сутка ичинде 277 кишиден коронавирус табылып, 202 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Жуктургандар: Бишкек шаары – 212, Ош шаары – 2, Чүй облусу – 49, Ош облусу – 5, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 7, Жалал-Абад облусу – 1.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны 96 337ге жетти.
Айыккандар: Бишкек шаары – 131, Ош шаары – 6, Чүй облусу – 51, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 10, Жалал-Абад облусу – 1.
Оору илештиргендердин ичинен 89 921 киши дартты жеңген.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде Бишкекте үч киши каза тапкан. Аларды кошкондо вирустан көз жумган кыргызстандыктардын саны 1 622ге жетти.
Азыркы тапта стационарда 1 498 бейтап дарыланууда, анын ичинен 375 адамдын абалы оор болсо, 73 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.
Бир суткада төрт медиктен коронавирус табылган.