Суббота, 21 сентября

Чек арадагы чыр чыккан аймак суусуз, жарыксыз калды

0

Кыргыз-тажик чек арасындагы коогада жабыркаган аймактарга электр энергиясын жана суу жеткирүү көйгөйү жаралды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

«Аткылоо болгон учурда электр мамыларына, кээ бир жерлерде электр чордондоруна зыян тийген. Аларды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Сугат жана таза суу жеткирүүдө маселе бар. Анткени, чектеш аймактардын көбү шахмат түрүндө болгондуктан, суу жолдору Тажикстанды аралап өткөн. Азыр суу жеткирүү үчүн арыктар тазаланууда», — деди облус жетекчиси.

Суваналиев аймакта абал тынч экенин белгилеп, коогада коопсуз жайларга качып чыккандардын саны 58 миңден ашуун экенин айтты. Алардын арасынан турак жайына зыян тийбегендер үйлөрүнө кайтып кетишүүдө. Үйү талкалангандар мектептерде ачылган баш калкалоочу жайларда турушат.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды. Жүзгө жакын турак жай талкаланып, өрттөлдү.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз