Суббота, 21 сентября

Баткен: Кагылышуудагы келтирилген зыяндын көлөмү эсептелди

0

Баткен жана Лейлек райондорундагы чек ара чатагынан жабыркаган турак үйлөрдүн саны жана келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган атайын комиссия тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Алдын ала маалымат боюнча түзүлгөн тизме:

Баткен облусу боюнча:

107 турак үй;

Эки мектеп;

Бир ФАП;

Бир бала бакча;

10 май куюучу жай (АЗС);

Сегиз дүкөн;

Төрт соода түйүнү;

Төрт социалдык объект;

Беш башка мамлекеттик имараттар.

Баткен району боюнча:

32 турак үй;

Эки мектеп;

Бир бала бакча;

Бир ФАП;

Үч башка мамлекеттик имараттар.

Лейлек району боюнча:

75 турак үй;

10 май куюучу жай (АЗС);

Сегиз дүкөн;

Төрт соода түйүнү;

Төрт социалдык объект;

Эки башка мамлекеттик имараттар.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз