Суббота, 21 сентября

АКШда кыргызстандыктар акцияга чыгышты

0

АКШдагы кыргыз диаспорасы 4-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Нью Йорк шаарындагы башкы кеңсесинин алдына акциясына чыгышты.

Алар 28-29-30-апрель күндөрү чек арада болгон куралдуу кагылышта тажик тараптын карапайым калкка ок атканын айыпташты.

Акцияга чыккандар чек арада өмүрү кыйылган жеткинчек кыз Мадинанын жана чырдын айынан ооруканага жетпей каза болгон беш жаштагы баланын сүрөтүн кармап турушту.

Уюштуруучулардын айтымында, кыргыз диаспорасы Баткенде жапа чеккен тургундарга жардам катары 86 миң доллар чогултушкан.

2-майда Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт жана Мюнхен шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышкан.

Алар кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышка эл аралык коомчулукту калыс баа берүүгө үндөшкөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз