Суббота, 18 мая

Садыр Жапаров ТРТ АВАЗ телеканалына интервью берет

0

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда  «ЕВРАЗИЯ ГҮНДЕМИ» программасынын атайын чыгарылышы болот. Программа эртең шаршемби күнү саат 16:00дө ТРТ АВАЗ телеканалынан түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.

 

«ТРТ АВАЗ» 2009-жылы март айында башталган Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Босния – Герцеговина, Албания жана Түркиядан турган 8 өлкөдөн жана бул өлкөлөргө таандык 8 тилде, Ыраакы Чыгыштан Балкан өлкөлөрүнө чейин созулган аймакта жашаган түрк дүйнөсүнө карата берүүлөрүн эфирге чыгарган канал. Түркия менен башка түрк республикаларынын арасында тил жана ой-пикир биримдигин түзүүдө. Бир топ түрк  тилинде үн деген маанини берүүчү «АВАЗ» сөзү, түрк республикаларынын орток үнү катары Жакынкы Чыгыштан Кавказга чейин 27 өлкө жана 13 автономиялуу республикада 250 миллион калктуу аймакта телеберүүлөрүн сунууну улантууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз