Суббота, 21 сентября

Чек ара чырында жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашты

0

Чек арадагы жаңжалда 3,5 миң чарчы метр жол жарактан чыкты.

Бул тууралуу транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев 4-майда брифингде билдирди. Андан сырткары бир топ жол белгилери уурдалып, бүлүндүрүлдү.

Кайынбаевдин ырасташынча, алдын ала эсеп менен жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашты. Ушул тушта министрликтин комиссиясы чек ара жаңжалынын кесепетин тактоону улантып жатат, толук эсептелип бүткөндөн кийин жолдорду оңдоп, калыбына келтирүү башталат.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз