Суббота, 18 мая

Садыр Жапаров 5-май күнү жаңы Конституцияга кол коет

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эртең, 5-май күнү, жаңы Конституцияга кол коет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрель күнү жалпы элдик референдум өтүп, жаңы Баш мыйзам кабыл алынган.

«Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактары катышат. Эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калып жатканына байланыштуу чакырылган коноктор ПЦР-анализ тапшырышты», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара эртең менен саат 10:00дө башталып, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз