Суббота, 18 мая

Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

0

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койду. Бүгүн, 5-майда Ала-Арча резиденциясында Баш мыйзамга кол коюу жана Конституция күнүнө карата иш-чара уюштурулду.

Жыйында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон кыргызстандыктарды бир мүнөттүк эскерүү болду. Садыр Жапаров чек арадагы окуяга кайрылып, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу аракети болгонун белгиледи.

Кыргызстандын эгемен тарыхындагы Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелде өткөн.

Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышып, алардын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдогон жана Кыргызстанда президенттик башкаруу болушун жактаган.

5-май календарда кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз