Пятница, 22 ноября

Баткен: Чек арадагы акыркы абал

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги кырдаал тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы абал учурда туруктуу.

Чек ара кызматы Тажикстан 4-майда чек ара жаңжалы учурунда уурдап айдап кеткен кыргыз жарандарынын эки автоунаасын кайтарып бергенин кабарлады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 5-майда коогада зыянга учураган чек ара бекеттерин кыдырып жүрөт.

Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 189 тургун жараат алды.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз