Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу облустук штабдын отурумунда маалымдалып, район-шаар башчылары жана тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков пандемиялык шартка ылайык, 13-май күнү өтүүчү Орозо Айт намазын мечиттерде гана окулуусун көзөмөлдөө керектигин айтты.
Анда аралык, санитардык талаптардын сакталышы жана коомдук коопсуздук каралат.