Суббота, 18 мая

Сутка ичинде коронавирус 283 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 283 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 158, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 75, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 289 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 197, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 52, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 755 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 472 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 204 бейтаптын абалы орто оордукта, 447 адамдын абалы оор жана 89 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 409 киши айыгып чыкса, 1 миң 675 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз