Пятница, 26 апреля

Кыргызстанда 4095 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

0

Кыргызстанда коронавируска каршы 4 миң 95 адам эмдөө алды, анын ичинен 1 миң 552и экинчи доза алгандар. Республика боюнча 45 миң 670 адам эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 7 миң 562 адам экинчи доза алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— Бишкекте – 12 859 (бир суткада – 1 миң 296, экинчи доза алгандар – 276);

— Ошто – 3 735 (бир суткада – 232, экинчи доза алгандар – 108);

— Чүй облусунда – 6 002 (бир суткада – 715, экинчи доза алгандар – 165);

— Ош облусу – 5 638 (бир суткада – 463, экинчи доза алгандар – 357);

— Ысык-Көл облусу – 4 113 (бир суткада – 310, экинчи доза алгандар – 103);

— Талас облусу – 2 280 (бир суткада – 201, экинчи доза алгандар — 66);

— Нарын облусу – 1 612 (бир суткада – 81, экинчи доза алгандар – 17);

— Жалал-Абад облусу – 7 427 (бир суткада – 554, экинчи доза алгандар – 332);

— Баткен облусу – 2 004 (бир суткада – 243, экинчи доза алгандар – 128).

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз