Суббота, 18 мая

Кытайдын «Тяньвэнь-1» аппараты Марска ийгиликтүү конду

0

Кытайлык «Тяньвэнь-1» космостук аппараты ишемби күнү Марска ийгиликтүү конду. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

«Кытайдын Марсты изилдөө боюнча алгачкы миссиясынын алкагында «Тяньвэнь-1″ аппараты 15-май күнү Утопия түздүгүнүн аймагына конду», — деп айтылат маалыматта.

Кытайлык «Тяньвэнь-1» космостук аппараты Марстын орбитасына 10-февралда чыккан, бирок ал космоско былтыркы жылдын 23-июлунда учурулганы маалымдалган. Ал эми үстүбүздөгү айда космостук аппарат жердин катмарын изилдеп, химиялык анализ алып, биомолекула, биосигнатураларды алыш үчүн марсоход жиберилген.

Кытай Советтер Союзу менен АКШдан кийин Кызыл планетаны изилдөө үчүн өз аппаратын кондурган үчүнчү өлкө болуп калды. СССРдин «Марс 3» аппараты бул планетага 1971-жылдын декабрь айында конгон. Ал эми Американын Viking-1 жана Viking-2 аппараттары Марска 1976-жылы барышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз