Воскресенье, 5 мая

Израиль кайрадан Газага чабуул жасады

0

Израилдин палестиналыктарга карай кол салууларында шейит кеткендердин саны 139га жетти.

Израилдин согуштук учактары Газанын батыш тарабындагы Шати качкындар лагериндеги бир үйгө кол салып, көпчүлүгү балдардан турган дагы он палестиналык шейит болду.

10-майдан бери 139 палестиналык шейит кетип, 950 палестиналык жаракат алды.

Бул учурда Израилдин согуштук учактары кечээ кечинде да Газанын түндүгүндө 30га жакын чабуул жасашты.

Басылып алынган Батыш Шериада болсо Газа тилкесине колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган демонстрацияларда Израиль аскерлеринин кол салууларында шейит кеткендердин саны 11ге жетти.

Демонстрация учурунда 37 палестин Израиль аскерлеринин чыныгы огунан, 31 палестин болсо желим октон жаракат алышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз