Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 298 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 170, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 69, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 311 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 178, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 89, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 19, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 4 адам сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 3 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 551 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 459 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 29 бейтаптын абалы орто оордукта, 440 адамдын абалы оор жана 76 бейтап өтө оор абалда жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 95 миң 114 киши айыгып чыкса, 1 миң 735 адам каза болду.