Мусулмандар дин башкармалыгындагы коррупцияга нааразы болгон жарандар муфтияттын алдында нааразычылык акциясына чыгышты. Акциянын катышуучулары муфтиятттын алдына боз үй тигишти.
Алар муфтияттагы коррупцияны жоюу жана аалымдар кеңешинин азыркы курамын алдыдагы шайлоого катыштырбоо талабын коюшууда.
Бүгүн 21-майда муфтийликке талапкерлерден сынак алынмак. Ушул айдын аягында Кыргызстанда мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи, аалымдар кеңешинин жаңы чакырылышы шайланганы турат.