Суббота, 4 мая

«Манас» эл аралык аэропортунда ПЦР-лаборатория ачылат

0

Манас» эл аралык аэропортунда ПЦР-лаборатория ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов түштүк кореялык BS Group корпорациясынын президенти Пак Хё Рин менен жолуккан.

Ишкер айым анын компаниясы Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыкдар экендигин жана алар «Манас» аба майданына лаборатория ачарын айткан.

Пак Хё Рин аталган лабораторияда бир күндө 14 миң адам ПЦР-тест тапшырып, анын жыйынтыгын бир сааттан кийин алса болорун билдирди.

Марипов BS Group корпорациясынын иши медициналык тармакта гана эмес, экономиканын башка багыттарында да кеңейтилерине ишеним артты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз