Суббота, 21 сентября

Садыр Жапаров Орусияга иш сапары менен кетти

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Орусияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргыз Республикасына орусия вакцинасын жеткирүүнү талкуулоо мерчемделүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз