Суббота, 21 сентября

Сутка ичинде коронавирус 191 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 191 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 121, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 308 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 224, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 64, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 4 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Талас облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 571 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 228 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1062 бейтаптын абалы орто оордукта, 411 адамдын абалы оор жана 81 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 102 миң 702 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 119 киши айыгып чыкса, 1 миң 757 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз