Кыргызстанда доллардын куну түшүүдө. Бүгүн, 25-майга карата коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда АКШ доллары 83,3 сом болууда.
2020-жылы доллар кескин кымбаттап, 69 сомдон 85 сомго чейин жеткен. Жыл соңунда 82 сомго чейин түшүп, 2021-жылдын январында кайра 84,90 сомго өскөн.
19-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллардын куну мезгилдик көрсөткүчкө жараша арзандап жатканын билдирген.