Бишкекте коронавируска каршы вакцинаны 19 миң 166 адам алды. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.
Анын айтымында, 6 миң 266 адам вакцинанын экинчи дозасына алды.
“Алардын ичинен 2 миң 541и медик, 739у мектеп мугалими, 907си мамкызматкер, 5 миң 167си 65 жаштан жогору курактагылар, 347си күч структуранын кызматкерлери, 988и калган жарандар”, — деп билдирет бөлүм башчы.