Орусия жана АКШ президенттери Женевада жолугушат

0

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Жо Байден 16-июнда Швейцариянын Женева шаарында жолугушат.

Путин менен Байдендин биринчи бетме-бет жолугушуусуна байланыштуу билдирүүлөр Кремлден жана Ак үйдөн келди.

Эки лидердин жолугушуусунда бардык курч маселелер, коронавирус пандемиясы жана аймактык чыр-чатактардын ​​талкууланары айтылды.

16-июнда Женевада жолугушуу чечими, Москва менен Вашингтондун бир нече айга созулган «ылайыктуу үчүнчү өлкө издешинен» кийин кабыл алынды.

Эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу, Байдендин март айында сүйлөгөн сөзүндө Путинди «киши өлтүргүч» деп мүнөздөп, андан соң өлкөгө санкция киргизилгенден кийин күчөгөн болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз