Воскресенье, 19 мая

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы жаралды

0

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Компаниянын маалыматы боюнча, электр энергиянын дефицити жогорку чегине жетип, алдыдагы күз-кыш мезгилинде кыйынчылык жаралат. Буга өлкөдө керектөөчүлөрдүн саны өсүп, ошол эле учурда кар аз жаагандыктан Нарын дарыясынан аккан суу азайып, көп жылдан бери сакталып турган нормадан төмөндөп кеткени себеп болгон.

Ошондой эле компания элди зарыл болбосо электроприборлорду күйгүзүүдөн, электр кубатын көп короткон лампаларды колдонуудан баш тартып, жылытуу системасынын башка альтернативасына өтүүгө чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз