Пятница, 17 мая

Кыргызстанга майда 80 миң доза “Спутник V” вакцинасы келет

0

Кыргызстанга май айынын аягында коронавируска каршы орусиянын “Спутник V” вакцинасынан 80 миң дозасы келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, келишимге ылайык, Кыргызстанга орусиялык вакцинанын 500 миң дозасы келмек.

“Майдын аягында 80 миң дозасы келет. Вакцина менен 40 миң адам эмдөөдөн өтөт. Алар республикалык бюджеттин эсебинен алынууда. Ар бир дозасы 10 долларды түзөт”, — дейт ал.

Ишенапысова кошумчалагандай, “Ковакс” программасынын алкагында өлкөгө июнь айларында AstraZeneca вакцинасынын 420 миң дозасы келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз