Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 207 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 102, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусу — 3 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир сутка ичинде 332 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 230, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусу – 10, Ысык-Көл облусунда – 25, Баткен облусунда – 1 адам сакайды», — деди Акматова.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 3, Талас облусунда – 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 596 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 45 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1071 бейтаптын абалы орто оордукта, 424 адамдын абалы оор жана 85 бейтап өтө оор абалда жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң 207 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 765 киши айыгып чыкса, 1 миң 773 адам каза болду.