Воскресенье, 19 мая

Армениянын тышкы иштер министри кызматтан кетти

0

Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян кошуна Азербайжан менен чек арадагы чыңалуу күч алганына байланыштуу 27-майда кызматтан кетти. Анын бул кызматка дайындалганына алты ай болгон. Айвазян бул чечиминин себебин түшүндүргөн жок.

Бир күн мурда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Никол Пашинян Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып армян-азери аскерлери соңку эки жумадан бери тирешип жаткан чек аранын талаштуу аймактарына эл аралык байкоочуларды жайгаштырууга чакырды.

Буга чейин «Грапарк» деген еревандык басылма Пашиняндын чек араны демаркациялоо боюнча Азербайжан жана Орусия менен үч тараптуу макулдашуу түзүү тууралуу долбооруна Айвазян каршы чыкканын жазган.

52 жаштагы дипломат мурда Армениянын Мексикадагы жана Европанын башка мамлекеттериндеги элчиси болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз