Вторник, 26 ноября

АКШнын Афганистан чыгышы менен базалар Талибанга өттү

0

АКШнын  1 —  майдан тарта өлкөдөн чыга башташы менен Афганистанда бир топ афган база жана пункттар Талибандын көзөмөлүнө өттү.

Американын Нью Йорк  Таймс гезитинин жергиликтүү булактарга таянып берген кабарына караганда АКШ чыгып жаткан Афганистандын айрым аймактарында Талибан өзүн көрсөтө баштады.

Америкалык аскерлер чыга баштаган 1 —  майдан бери Лагман, Баглан, Вардак жана Газне аймактарындагы афган коопсуздук күчтөрүнө караштуу кеминде 26 база менен пункт Талибандын көзөмөлүнө өттү.

Талибандын афган күчтөрүн «багынгыла же өлтүрүлөсүңөр» деп коркутуп жаткандыгы билдирилген кабарда сөзү болгон база жана пункттардагы афган элеменеттеринин турган жерлерин Талибанга өткөрүп кетишкендери маалымдалды.

Кабарда Талибандын өзгөчө өлкөнүн чыгыш аймактарында таасирин күчөткөндүгү белгиленди.

АКШ башкаруусу 2020-жылдын 29-февралында Талибан менен келишим түзүп, 2021-жылдын 1-майында Афганистандан толугу менен чыгып кетүү боюнча макулдашкан.
бирок президент Жо Байден башкаруусу 1 —  майдан тарта 11 —  сентябрга чейин толугу менен чыгышарын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз