Пятница, 22 ноября

ЕБги Армения менен Азербайжанга чакырык салды

0

Европа Биримдиги (ЕБ) Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чек арада болуп жаткан пикир келишпектик тынчсыздандырып жатканын билдирип, тараптарды чыңалууну басаңдатууга чакырды.

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Борреллдин кеңсеси жасаган билдирүүдө, эки өлкөнүн чек арасындагы акыркы окуялардын тынчсыздандыруучу жана кооптуу экендиги айтылды.

«Чыңалууну тезинен азайтуу керек» деген сөздөр камтылган билдирүүдө, Европа Биримдигинин эки тарапты тең аскердик жайгашуудан жана кыймылдан алыс болууга чакырганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Бардык күчтөр 12-майга чейин өз позицияларына чегинип, эки тарап тең чек араны тактоо жана белгилөө боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек», делди.

Азербайжандын Коргоо министрлиги армян армиясынын ок атышпоо режимин бузгандыгын жарыялап, Азербайжан армиясынын Келбажар жана Гедебей облустарындагы позицияларына Армениянын позицияларынан белгилүү аралыктарда ок атылгандыгын билдирген болчу.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз