Понедельник, 20 мая

Жапаров чек ара чырында жабыркаган эл менен жолугушту

0

Президент Садыр Жапаров Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушууда жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеште Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу мыйзам долбоору карала турганын билдирди.

“Үч ай мурун Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу тапшырма бергем. Учурда Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору каралып жатат, жакында кабыл алынат, кол коем. Мамлекеттин болгон күчүн Баткенге жумшап жатам. Башка бир дагы районго акча бөлүп бере элекмин. Жакынкы он жылда Баткенди болуп көрбөгөндөй өзгөртөбүз”, — деди президент.

Жергиликтүү тургундар биринчи кезектеги маселелер катары социалдык объектилерди куруу, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, пенсия менен жөлөк пулдарды төлөө, жумуш орундарын түзүү, жерлерди трансформациялоо жана башка муктаждыктарды белгилешти.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк иш сапар менен 27-майда барган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарда эл менен жолугушту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз