Пятница, 22 ноября

Сутка ичинде коронавирус 382 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 382 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 184, Ош шаарында – 40, Чүй облусунда – 70, Ош облусунда – 24, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 20, Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир сутка ичинде 329 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 200, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда – 1 адам сакайды», — дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда 5 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 634 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 758 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 097 бейтаптын абалы орто оордукта, 429 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 105 миң 111 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 98 миң 873 киши айыгып чыкса, 1 миң 815 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз