Президент Садыр Жапаров өлкөнүн кээ бир шаарларында өтө турган жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо өнөктүгүнүн маанисине токтолду. Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алып, шайлоонун ачык-айкындыгын толук камсыз кылууну, кандай гана чиновник болбосун алардын административдик ресурстарды колдонуусуна жол бербөөнү тапшырды.
Муну менен катар Жапаров Ош шаар тургундарынын жашоосуна түздөн-түз таасир этүүчү шаарды өнүктүрүү программаларын өз убагында ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.
Мэр Таалайбек Сарыбашов шаар тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртуу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча муниципалдык органдар жана тиешелүү кызматтар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.