Вторник, 23 апреля

Сутка ичинде коронавирус 413 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 413 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 157, Ош шаарында – 51, Чүй облусунда – 98, Ош облусунда – 41, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир сутка ичинде 320 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 164, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 18 адам сакайды», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 733 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 915 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 114 бейтаптын абалы орто оордукта, 485 адамдын абалы оор жана 102 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 106 миң 636 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 100 миң 114 киши айыгып чыкса, 1 миң 842 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз