Польшада жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдордо уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жаңылыктарында, өлкөдөгү жол кырсыктарындагы адамдардын өлүмүн азайтууга багытталган мыйзамдын негизинде жөө жүргүнчүлөрдүн жол кыймылында уюлдук телефондорду колдонуусуна байланыштуу эреженин да ишке ашырыла баштагандыгы жарыяланды.
Жаңылыктарда жөнгө салуунун айдоочуларга гана эмес, жөө жүргүнчүлөргө да тиешелүү экендиги, жөө жүргүнчүлөргө көчөдөн өтүп бара жатканда уюлдук телефондорду колдонуусуна тыюу салынганы айтылды.
Өткөн жылы Польшада 2500 жөө жүргүнчүнүн жол кырсыгынан каза тапкандыгы жана бул жагынан өлкөнүн Европа Биримдигинин алдыңкы сабында экендиги билдирилди.